Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди.

Филиалды ачуу чечими Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.

Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм ж.б. адистиктер боюнча билим алышат.

Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30%ы тартылса, 70% окутуучулар Кыргызстандан болот деп мерчемделүүдө.
Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү пландалууда.

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан Кыргызстан менен Казакстандын, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат.

Кыргызстан менен Казакстандын лидерлери окуу жайдын имаратын көрүп чыгышып, университеттин Ардактуу меймандар китепчесине каалоо- илектерин жазып калтырышты.