26-майда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Бул анын президент катары Кыргыз Республикасына биринчи сапары. Эки мамлекеттин лидерлери тар чөйрөдө, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

«Токаевдин сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берет. Азыр мамилелердин жана кызматташтык динамикасынын абдан жогорку деңгээли байкалууда”, — деп билдирди саясат таануучу Марс Сариев коңшу мамлекеттин лидеринин сапары тууралуу.

Ал Казакстан Россия менен Кытайдан кийинки Кыргызстандын үчүнчү соода өнөктөшү экенин жана республикалар КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу бир катар аймактык уюмдарга мүчө экенин эске салды.

«Токаевдин Кыргызстанга болгон сапары тараптар кыргыз товарларынын Казакстандын чек арасынан өтүшүн жеңилдетүү боюнча макулдашуусунан бир ай өткөндөн кийин болду», — деп белгиледи эксперт.

Кошумчалай кетсек, ал белгилегендей, быйыл Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду.

«Бул мезгилде өз ара аракеттенүүнүн горизонттору кеңейди, өлкөлөр ортосундагы достук дагы бекемделе баштады. Бардык деңгээлдерде өз ара ишенимге негизделген саясий диалог түзүлдү. Мамлекеттер аралык, парламенттер аралык, өкмөттөр аралык кеңешмелер бар, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда тыгыз координация түзүлдү. Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев да биргелешкен билдирүүгө кол коюшту», — деди саясат таануучу.

Ушул эле күнү Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны видеоконференцбайланыш аркылуу өттү. Жолугушууга катышкан президент Садыр Жапаров , Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев , Россиянын президенти Владимир Путин , Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Беларустун премьер-министри Роман Головченко ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.