Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 26-майда “Бишкек-2026” өнүктүрүү стратегиясынын бет ачарында борбор калаанын ичиндеги темир жолду шаар четине чыгаруу керектигин билдирген. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэр долбоорду Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп жатканда бул тилкени киргизүү сунушу менен Министрлер кабинетине кайрылганын, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда бул маселени талкуулаганын айткан.

Мэрдин айтымында темир жол шаардан чыгарылса өнөр жай ишканалары, өндүрүш базалары, кампалар четке чыгат. Алар ээлеген аймакка көп кабаттуу үйлөр курулат. Темир жолдун ордуна сегиз тилкелүү автомагистрал салынат.

Бишкек шаарынын так ортосунан батыштан чыгышты карай өткөн темир жолду бойлой союз учурунда ири завод-фабрикалар түшкөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ал заводдордун бир даары иштебей, бөлүнүп-бөлүнүп жеке колго сатылган. Мамлекеттин карамагындагы заводдор дагы бар. Мурда кампалар жайгашкан жерлерге учурда көп кабаттуу үйлөр түшүүдө.

Темир жолду шаар четине чыгаруу, темир жолдун ордуна сегиз тилкелүү автомагистрал салуу демилгесин буга чейинки мэрлер дагы көтөрүп келген. Азыр сегиз тилкелүү автомагистрал түшөт деген темир жолдун боюна дагы көп кабаттуу имараттар салынган учурлар бар.