Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай борбор калаанын муниципалитети иш-чаралардын программасын жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 11-майдан 15-июнга чейин «Биздин балдар планетанын келечеги!» деген ураандын алдында бир айлык өткөрүлүүдө.

Шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары оор кырдаалга кабылган балдарды, баш калкалоочу жайларда жана интернаттарда жашаган балдарды акысыз тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүшөт. Муктаж болгон балдар көрсөтмөлөр боюнча кошумча ОМС программасы боюнча дары-дармектер менен камсыз болушат.

Балдарга медициналык жардамды шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, шаардык стоматологиялык поликлиникалар, балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору көрсөтөт.

1-июнда саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1000 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим балдар, шаар тургундарынын жеңилдетилген категориясындагы үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн шаардык иш-чара өтөт.

Ошондой эле социалдык өнүктүрүү органдарында каттоодо турган 229 тоголок жетим балдарга 1000 сомдон, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 4000 балага, шаар тургундарынын жеңилдетилген категориясындагы үй-бүлөлөрдүн балдарына 500 сомдон бир жолку жөлөкпул берүү каралган.

Мектептерде, бала бакчаларда, мектептен тышкаркы мекемелерде «Биздин балдар — планетанын келечеги!» аттуу бир айлыктын алкагында иш-чаралар да бар. Балдар арасында Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары, «Мен дүйнөнү тартам!» сүрөт сынагы, «Балдарга глобус берели!» балдардын чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү.

Мектептерде тематикалык класстык сааттар, викториналар, сүрөт сынактары: «Менин бактылуу балалыгым», «Балалык – кичинекей өлкө!», «Биздин жашоонун түстөрү», «Балалыктын майрамы», «Достук балдарга керек» балдар ырларынын концерти. “Алтын балалык” балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү.

Ошондой эле, социалдык тармактарда : “Балдарды коргоо күнү”, “Ата-энелер үчүн кандай майрамды ойлоп табат элең?”, “Балдар – мен жана сен!”, “Дүйнө балдардын  көзү менен» деген челлендж өткөрүлөт.

Билим берүү уюмдарында жана балдардын чыгармачылык борборлорунда «Балалык кыялдар!» шаардык акциясы пландаштырылган.

2022-жылдын 27-майынан 1-июнуна чейин «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинин базасында «Жеткинчек» спорт фестивалы,  мини футбол, таэквондо, бокс, дзюдо, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча өткөрүлөт.

30-майдан 8-июнга чейин “Наристе” II Эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында фольклордук топтордун концерти, прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, эл аралык конференция, катышуучулардын муниципалдык райондордун негизги жайларында оюн-зоок көрсөтүүлөрү, борбордук көчөлөрдү бойлой парад (кавалкада) жүрүштөрү, тарыхый жана шаардын маданий жайларга экскурсия өткөрүү, Ысык-Көлгө саякат пландаштырылууда.

Фестивалга Тыва Республикасынан, Алтай Республикасынан, Казакстандан, Санкт-Петербург шаарынан Монголиядан жана Кыргызстандын 7 облусунан катышуучулар келишет.

Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, убакытты көңүлдүү өткөрүүсүн каалайт.