Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек ара кызматкерлеринин күнү-кесиптик майрамы куттуктады. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал өз сөзүндө Чек арачылар үчүн жетиштүү шартты түзүү, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Урматтуу чек арачылар!
Сиздерди чек ара кызматкерлеринин күнү- кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Чек араны кайтаруу эң жооптуу милдет.
Сиздер чыныгы эрдикти талап кылган, сыймыктуу жана ардактуу кесиптин ээси болосуздар.
Эки өлкө менен чектешкен, стратегиялык маааниге ээ болгон, Баткен облусунда кызмат өтөө, өзгөчө жооптуу.
Чек арада жайгашкан, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жаткан мекенчил эр азаматтарыбызга миң ирет таазим этсек жарашат.
“Чептен эрдин күчү бек” дейт элибизде.
Чек арабызды коргоодогу ар бириңиздердин күжүрмөн аракетиңиздерди сыймыктануу менен белгилеймин.
Аймагыбыздын тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн, чек араны ар дайым бекем коргоп келесиздер.
Чек арачылар үчүн жетиштүү шартты түзүү, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Анткени жетиштүү шарт болсо, кубаттуу армия болот.
Биз ар дайым, чек ара окуяларында, баатырларча курман болгон чек арачыларыбызга таазим этебиз.
Ошондой эле ден соолугунан жабыр тарткан жоокерлерибизге сак саламаттык каалап, тез сакайып кетүүсүн каалайм.
Аймагыбыздын тынчтыгы, коопсуздугу сиздердин колуңуздарда.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм.
Жергебизден тынчтык болсун, өлкөбүздүн келечеги кең болсун», — деп айтылат куттуктоодо.