Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалимге эскертүү берилип, жумушка кайтарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдун айтымында, мектеп жетекчилиги кечээ, 26-май күнү, жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим ишин улантаарын билдирди.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 23-майда мгалим менен окуучунун ортосунда жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган. Кийин мектептин директору окуучуга туура эмес мамиле кылганы үчүн мугалимди иштеп четтеткенин билдирген.