Кыргызстандын президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Чек арачылардын күнү — кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы  кабарлады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигин, өздүк курамын жана ардагерлерин Чек арачылар күнү менен өзгөчө жылуу маанай менен куттуктайм!
Мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо өзгөчө маанилүү тапшырма жана өлкө коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири болуп саналат. Дал ошондуктан чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлган.

Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендүүлүккө кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат.
“Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деп, ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз төрт миң жети жүздөн ашуун чакырымга созулган Мекен чегин кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жагдайларда болбосун, көз ирмебей күзөтүп келишет.

Бүгүнкү күндө мамлекет дагы, элибиз дагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда.

Чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улантылат.

Биздин өлкө ишенимдүү коргоодо деп айта алабыз. Ошол эле учурда ак ниет коноктор үчүн Кыргызстандын эшиги дайыма ачык.

Урматтуу чек арачылар!

Сиздердин чек арада кызмат өтөгөн жылдарыңыз өмүр баяныңыздын жаркын барактары болуп калганын, ардагерлер уюмдарындагы армиялык жөнөкөй достук жаңы салттар менен бекемделип жатканы жагымдуу көрүнүш.

Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта бериңиздер.
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм».