Ысык-Көлдө көпүрөдөн кулап кеткен 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалым болгондой, 27-майда,  Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У  сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
«Жерине Каракол шаардык куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10до баланын жансыз денесин суудан алып чыгышты. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.