Кечээ, 27-майда Баткен шаарында КР башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын башкы прокурору Ахмадзод Юсуф Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга коңшулаш эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын тиешелүү түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери, чектеш райондордун, шаарлардын жана областтардын прокурорлору катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде эркиндигинен ажыратылып соттолгон жарандарды өз мекенине мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү, ошондой эле чек арадагы чыр-чатактарды алдын-алуу жана болтурбоо маселелерин талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эки мамлекеттин чектеш район-областтарынын прокурорлорунун ортосунда түздөн-түз жумушчу байланыштарды чыңдоо зарыл экендигин белгилешти.