Бишкектеги Жеңиш сейил багындагы Д.Асанов атындагы чек ара даңкы аллеясында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Чек арачылар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ошентип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы өз сөзүндө чек ара кызматынын бардык жеке курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«2021-жылы мамлекеттик чек арадагы коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн эң мыкты деп табылган КР УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядын өзгөчө белгилегим келет», — деди ал.

УКМК башчысы чек арачыларга мындан ары дагы өз деңгээлинде кызматын улантууну каалады.

«Келечекте чек арада жогорку деңгээлде кызмат өтөйсүңөр жана эл аралык деңгээлде аткезчиликке, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы профессионалдуу күрөшөөрүңөргө чын дилимден ишенем», — деди Ташиев.

Иш-чаранын соңунда айрым чек арачыларга татыктуу кызматы үчүн Ардак грамоталар жана медалдар тапшырылды.

Эскерте кетсек, КР Чек арачыларынын күнү 1999-жылдан бери 28-майда майрамдалып келет.

Маалымат үчүн: КР УКМКнын «Бөрү» атайын багыттагы отряды Баткенде жайгашып, кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөйт.