Эртең, 29-майда Бишкекте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР президенти – өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт.

Эфир саат 11:00дө башталат.