2022-жылдын 26-майында Бишкекте өткөн Биринчи Евразиялык экономикалык форум экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктары гана эмес, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр туш болгон көйгөйлөр да талкууланган аянтча болуп калды. Мындай пикирин редакциябызга  ИИМдин коомдук кеңешинин төрөгасы Ялкун Даутов билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык форуму жылдын эң маанилүү окуялардын бири болуп, жогорку деңгээлде өттү.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар кыл багыттагы 10дон ашык кызматташуу программаларына кол коюлду. Иш-чарага 2,5 миңден ашык катышуучу, 25 өлкөдөн катышуучулар жана Биримдик өлкөлөрүнөн 50дөн ашык компаниялар Бишкектеги көргөзмөгө өз продукцияларын коюшту. 21 панелдик сессиянын алкагында 30га жакын тематикалык иш-чара болуп өттү, алар экономика, санариптик экономика, жашыл экономика, билим берүү, заманбап чакырыктардын алкагында мамлекеттер ортосундагы мамилелердин келечеги ж.б. суроолор талкууланды. Кол коюлган эң орчундуу документ, айыл чарба продукциясын тездетилген темир жол жана мультимодальдык ташууларды ишке ашыруу боюнча Биримдик мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө меморандум болду. Евразия экономикалык форуму жылдын эң маанилүү окуялардын бири болуп, жогорку деңгээлде өттү. Мамлекеттин иш-аракеттерин талдоого алсак, болуп өткөн Евразиялык экономикалык форум бул аябай жакшы көрсөткүч», — дейт Даутов.