Бүгүн, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы ички иштер органдарында 34 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген, 2018-2022-жж полктун командиринин кызматын аркалаган милициянын полковниги Аскат Султаналиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.


“34 жыл аралыгында милициянын аймактык инспектору кызматынан полктун командири кызматтарына чейин иштеп коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жогорку кесипкөйлүүлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүү менен катар, мыкты адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында татыктуу шакирттерди тарбиялап, өздүк курам арасында бийик-кадыр баркка жана сыйга ээ болдуңуз. Сиздин мол тажрыйбаңыз жаш кызматкерлерди тарбиялоого, Атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз” – деп өз каалосун полктун командири Бакыт Матмусаев билдирип, Кыргыз милициясынын ѳсүп ѳнүгүшүнѳ, коомдук коопсуздукту сактоодо, мыйзамдуулуктун сакталышына, ѳсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн ИИМдин “Кадырман” медалын ыйгарды. Андан соң, өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизип белектерин тапшырды.

Ошондой эле, өз сөзүндө Аскат Султаналиев өздүк курамга ыраазычылык билдирип ар бир кызматкерге кызматындагы жетишкендиктерди каалады.
Салтанаттуу күн өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.

ИИМдин АБПнын Басма сөз кызматы