Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдердин укуктары жакшы корголбой, аларды окуучулар сөгүп, мазактап же кол көтөрүү учурлары болуп жатат деген жүйө менен, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда.

Педагогикалык кызматкерлерге карата сыйлабаган мамиле көрсөткөн үчүн жоопкерчиликти киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралууда.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Самыйкожонун пикиринде, мыйзам окуучулардын укугун коргойт, ал жагы каралган. Бирок бүгүнкү күндө мугалимдердин укугу жакшы корголбой жатат, ошондуктан ушул мыйзам долбоору сунушталууда.

Депутаттын айтымында, окуучулар мугалимдерди шылдыңдап, кордоп, сөгүп, кол көтөргөнгө чейин барууда. Ошондуктан балдарга эмес, ата-энелерге, жоопту адамдарга карата көрүлө турган чаралар сунушталып жатат. Мугалимдерди мазактоо, жаман сөздөрдү айтуу, адепсиз жүрүм-турум, тийишүү, сыйлабаган мамиле жасаган үчүн 2000 сомдон 5000 сомго чейин айыппул салынат же 3 суткадан 5 суткага чейин камакка алынат.

«Мугалим десе эле, акчасы көбөйдү, айлыгы көтөрүлдү деп атабыз, билим берсин деп айта башташты. Бирок баардык нерсе эки тараптуу болуш керек. Мугалим дагы эне, ата. Мугалимдин дагы баласынын бут кийими жыртылат, анын дагы үйүндө көйгөйлөрү бар, ал дагы түйшүк тарат. Ошол көйгөйүн таштап коюп жумушуна барса, жаш балдар чекчелеңдеп кийген кийимин шылдыңдап, же боорду алып берип кой десе, өзүң алып ал десе, ал дагы адамда … Биз мугалимдерди робот катары көрбөшүбүз керек, ал дагы адам. Биз мугалимге сый мамиле кылсак», – дейт эл өкүлү.

Айрым депутаттар айыппулдун суммасын дагы көтөрүү сунушун киргизишти. Алардын пикиринде 2000 ден 5000 сомго чейинки айыппул аз.