Кыргызпатенттин сайты хакердик чабуулга кабылганын бүгүн, 30-майда Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин депутат Аида Исатбек кызы («Ынтымак») бизнес-инкубатор тууралуу маалымат Кыргызпатенттин расмий баракчасына жарыяланып, анын астында «люкс сойкулардын каталогу» шилтемеси жайгаштырылганын билдирген.
Бөлүм учурда бул жагдайды техникалык колдоо кызматкерлери иликтеп жатканын, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.