2022-жылга пландалган графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылган.