Бүгүн, 31-майда Бишкекте жана бардык облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынакта катышуучулар математика, эне тили жана адабият (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча тест тапшырат.

Быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болууда. Андан 1 миң 388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.

«Алтын тамга» сынагы мектепти 11-жыл «5» деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, бул мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.