Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйүн конфискациялоо боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин атынан жалпыга маалымдоо каражаттарында Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияланды деп тараган маалымат тастыкталган жок.

“Атамбаевдин атасынын үйү конфискациялануучу тизмеде жок, анда Кой-Таш айылындагы эс алуу комплекси жана көп жылдык көчөттөр бар, бирок, үйдүн өзү тизмеде жок”, — деди Бакиров.

Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКларда Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаевдин атасы курган үйдү Мамлекеттик мүлк фонду конфискациялоону көздөп жатканы тууралуу маалымат тараган.