1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын тургуну, 7-классынын окуучусу Айтназаров Марсель Ала-Бука РИИБдин начальниги Азенбек Козукеевдин атына кат жолдогон. Ал өз катында келечекте элин ойлогон, тартип сакчысы болууну жана азыртан форма кийүүнү эңсеп келеерин билдирген.


Милицияга жазылган кат Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы тарабынан колдоого алынып, кат ээси Марселди райондук ички иштер бөлүмүнө конок катары чакырып, Марселге күтүлбөгөн жерден белектер тартууланды.
Алгач Азенбек Козукеев Марселди өзү тосуп алып, өзүнүн жумуш бөлмөсүнө алып кирип, атайын «Ала-Бука РИИБ» деген жазуусу бар спорттук кийим кийгизип, андан соң өздүк курамга кат ээсин, болочок тартип сакчысын тааныштырып, «Милиция — тартип сакчысы» аталышындагы видеоролик көрсөтүлдү. Соңунда Марсель күтбөгөн заманбап велосипед белекке тартууланды.

Милициянын мындай камкордук кадамдарына күбө болгон ата-эне өкүлдөрү Ала-Бука РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылыктарын айтышып, оор жана түйшүктүү иштерине ийгилик каалашты.
Аз убакытка болсо да балалык бакытка балкыган, кубанычында чеги жок Марселди алган белектери менен милициянын атайын жабдылган унаасында кызматкерлер үйүнө чейин узатып келишти.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы