Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2020-жылы 23-июндагы буйругуна ылайык, Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 12-апрелде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, №706 контурунда 2,70 гектар жерде жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 1385,5 чарчы метрди түзгөн ден соолукту чыңдоочу жай түрүндөгү мүлккө менчик укугу катталган.

“Фонддун кызматкерлери белгиленген тартипте мүлктү инвентаризациялоо жана изилдөө жүргүзүү үчүн жерине барышып, текшерүүнүн жүрүшүндө күзөтчүнүн айтымында, ден соолукту чыңдоо борборунун бардык мекемелеринде эмеректер жана жабдыктар бар экендиги, ошондой эле унаа токтотуучу жайда унаалар токтоп тургандыгы аныкталып, буга байланыштуу А. Атамбаевдин өкүлдөрүнө үч күндүн ичинде ден соолукту чыңдоочу жайдын бардык жайларын бошотууну камсыз кылуу сунушталып, андан кийин фонд тараптан А.Ш. А.Атамбаев тиешелүү өкүлдөрүнө кошумча түрдө 3 (үч) календардык күндүн ичинде бул кыймылсыз мүлк объектисин ден соолукту чыңдоочу жай түрүнө чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиргендей, аталган ден соолукту чыңдоочу борбордун базасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте кары-картаңдар үчүн социалдык мекеме уюштуруу пландалып жатат.

“Азыркы учурда мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу пайдалануу максатында ММБФ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирдикте КР министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты, ага ылайык жогорудагы ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүү сунушталууда. Ушул эле жарлык менен мурда Бакиевдерге танадык болгон Бишкек шаарынын Жибек-Жолу кең көчөсүндө жайгашкан объектиде майыптыгы бар балдар үчүн реаблитациялык борбор түзүү пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мүлк фонду эскерткендей, А.Атамбаевдин тарапкерлеринин мамлекеттик мүлктү тескөөгө укугу жок.

Эске салсак, буга чейин мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин резиденциясында эс алууга муктаж балдар үчүн бекер окуу, эс алуу, спорт комплекси ачыла турганын билдиришкен.