Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!

Кыргыз Республикасындагы бардык жеткинчектерди бүгүнкү жаркын майрамы менен куттуктайм! Балдарынын сүйүнүчү – ата-эненин кубанычы, ата-энелердин дагы бүгүнкү майрамы кут болсун!

Балдарды коргоонун эл аралык күнү жадыраган жай мезгилинин алгачкы күнүнө белгиленгендиги бекеринен эмес. Баланын бажырайган күлкүсү менен жадыраган жай айындагы чайыттай ачык асман бири-бирин толуктап турган табияттын эң ажайып айкалышы, тынчтыктын, бейпилдиктин, куунак жашоонун белгиси.

Мына ушундай бейпил күндүн, жай турмуштун, жаркын келечектин ээси болгон балдарыбызга кам көрүү маселеси – мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет. Балдарга кам көрүү жаатындагы милдеттер, балдарды сак-саламат жетилтип, руханий жактан өнүктүрүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, турмуштук оор кырдаалга кабыл болгон балдарды ар тараптан колдоо мамлекеттик бийликтин ишиндеги негизги багыт болуп саналат. Дени сак, акыл-эстүү балдарыбыз – бул эртеӊки жаркын келечегибиздин, тарбиялуу коомубуздун, өнүккөн, маданияттуу турмушубуздун кепилдиги.

Кымбаттуу ата-энелер!

Мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн алат. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген улуу журтубуздун накыл кебиндегидей, баланы тарбиялоодо үй-бүлө институтунун орду чоң. Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертер элем. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгуусуна татыктуу тарбия беришибиз абзел. Элибизде эзелтен эле бала тарбиялоодо адеп-ахлакты, пейил-мүнөздү калыптандырууда, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүүдө бешик ырларынан тарта макал-лакаптар, накыл кептер, уламыштар, жомоктор, дастандар жана башкаларды кеңири пайдаланып келишкен. Бала тарбиялоодо ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарк-насил, каада-салт, көркөм мурастар силерге шам чырак болуп берсин!

Бардык ата-энелерге, тарбиячыларга, мугалимдерге бала тарбиялоо деген оор вазийпасын чыдамкайлык, акылкөйлүк, сабырдуулук менен аткарышын каалайм!

Урматтуу уул-кыздарым!

Акылдуу, чынчыл, боорукер жана мекенчил болуп чоңойгула! Ата-энеңерди жана улууларды сыйлагыла, окуудагы жетишкендиктериңер менен бизди кубандырып, Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула!

Ар бир күнүңөрдү бактылуу балалыктын таттуу көз ирмемдери коштосун!

Асманыңар ачык болсун!”