Спорт
Казакстанда өтө турган турнирге өлкө атынан 12 спортчу жөнөтүлөт
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Казакстанда өтө турган Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында болот.
Ага жалпысынан өлкө атынан 11 балбан жөнөтүлөт:
Куттубек Абдыкерим уулу — 60 кг;
Жоламан Шаршенбеков — 63 кг;
Дастан Кадыров — 63 кг;
Амантур Исмаилов — 67 кг;
Калмурат Ибрагимов — 67 кг;
Калы Сулайманов — 67 кг;
Ренат Ильяз уулу — 77 кг;
Калидин Асыкеев — 82 кг;
Акжол Махмудов — 82 кг;
Мелис Айтбеков — 87 кг;
Атабек Азисбеков — 87 кг;
Бексултан Махмудов — 97.
Федерациянын маалымат кызматы турнирге кыз-келиндер курама командасынан Айпери Медет кызы гана жөнөтүлө турганын билдирди. Ал эми Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Монголиядагы Азия чемпионатынан кийин ден соолугун калыбына келтирип жатышканын билдиришти.