1-июндан баштап өлкөдө багууга жана көзөмөлгө муктаж майыптыгы бар балдардын жашы 18ге толсо да алардын жеке камкорчусу үчүн каражат төлөнө берет. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар баланы бакканы үчүн жеке ассистентке же камкорчуга мамлекеттик бюджеттен 4900 сом өлчөмүндө айлык акы төлөнүп келген. Бала 18 жашка толгондо айлык төлөө токтотулчу.

Эми үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып айлык акы төлөө улантылат жана анын өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго жогорулатылат.