2022-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Эрлан Исмаилов, орун басары Асылбек Назаралиев жана өздүк курам балдарга майрамдык маанай тартуулашып, бул күн кубанычтуу жана шаңдуу өтүшүнө себепкер болушту.
Милиция кызматкерлери Жаңы-жол мектеп интернатына барышып, тарбиялануучуларга өздөрү менен кошо алып барышкан белектерин, таттууларды тапшырышты. Балдар тартип сакчылары камдаган белектерге сүйүнүшүп, өздөрү тарабынан даярдалган чакан концерттик программаны көрсөтүштү.

Балдарды майрамы менен куттуктаганы барган Чүй райондук милициясынын башчысы Эрлан Исмаилов келечек ээлерине бекем ден-соолук, ачык асман, бактылуу балалык жана Мекенине кызмат кыла турган чыныгы уул-кыздардан болушун каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы