1-июнь «Балдарды коргоо» күнүнө карата, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Максат Кадыркулов, бөлүм начальниги, милициянын полковниги Бекболсун Бейшенов,  улук инспекторлор, милициянын подполковниги Марс Абрахманов, милициянын майору Азамат Эсенбеков  Краснореченской айылында жайгашкан балдар интернатына жана Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, өспүрүмдөрдү майрамы менен куттуктап келишти.

Өлкөнүн  келечеги тарбиялуу жана билимдүү жаштардын колунда. Балдардын тарбиялуу жана билимдүү болуп өсүп, чоңоюуусу үчүн, чоң адамдардын камкордугу жана мээрими аба менен суудай зарыл. ИИМ жетекчилиги ата-эненин мээримине суусап чоңоюп келе жаткан Краснореченской айылында жайгашкан балдар интернаты жана Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги наристелерди көз жаздымда калтырбай, ар дайым майрамдарда татуулар менен кубантып келет.

Иш чаранын алкагында ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Максат Кадыркулов алгач балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерди тапшырып,  аларга бекем ден-соолук, окууларына ийгилик каалады.

ИИМ бир нече мүмкүнчүлүгү четелген өспүрүмдөрдүн мекемелерин узак убакыттан бери өз камкордугуна алып, материалдык жактан жардам берип келет. Бул жолку балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш чарада 174.176 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты сарпталды.

ИИМдин Басма сөз кызматы