Бүгүн, 2-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 708 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 811 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 313 куб метрге жетүүдө.