Ленин районунун Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Мурас» турак жай комплексинде Чүкөнүн чоң фигурасы пайда болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, инсталляцияны «Роял Констракшн» курулуш компаниясы орноткон.
«Бул көрсөткүч улуттук кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, ошондой эле борбордун эстетикалык көрүнүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет.
Борбор калаанын мэриясы жарандарды өлкөбүздүн маданий мурастарына кам көрүүгө жана муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдама: Кыргыз элинде негизги предмети чүкө болгон бир нече оюндар бар, алардын эң популярдуусу муундан-муунга өтүп келе жаткан оюндардын бири – бул “Ордо” оюну, оюндүн негизги эрежеси – тегерек сызыгынан ары мүмкүн болушунча көп чүкөнү атып чыгуу болуп саналат.