Токмоктогу Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болду. Бул тууралуу  Чүй облустук милициясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-майда Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бурана мунарасынан кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу 1997-жылы туулган С.М., аттуу кыздын каза болгондугун аныктаган.

Аталган факт Чүй РИИБдин маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуянын күбөлөрүн жана кызматкерлерин суракка алган. Алар кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин, андан соң анын сөөгүн көрүшкөнүн айтышкан. Кыз Ысык-Ата районунун аймагында жашагандыгы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда иштин жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.