Ысык-Көл районунун Кожояр айыл аймагына караштуу Семеновка жана Кожояр айылдарында Россия жергесинде эмгектенип жатышкан мигрант айылдаштардын жана Семеновка айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар аянтчалары жана ошол эле учурда “Лагуна Сити” эс алуучу жайынын демөөрчүлүгү менен кичи футбол аянтчасы салынып бүтүп, 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ага утурлай эле боз үйлөр тигилип, дасторкондор жайылып, жашоого жаңыдан кадам шилтеп жатышкан мотурайган 4 наристенин да тушоолору кесилип, айыл элин кубанткан чоң той болду. Айыл аксакалдары кичинекей балдарды кубанычка бөлөгөн балдар аянтчаларынын кызыл тасмасын кесишип, алакан жайып ак баталарын беришти. Айылдык масштабдагы мындай маанилүү майрамдык иш-чарага жашы-карысы дебей айыл элинин баары катышты. Бала бакча тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучуларынын аткаруусунда уюштурулган чакан концерттик программалар жалпы элдин майрамдык маанайын бийик көтөрдү.

Өз убагында айыл жаштарын спортко шыктандырып, айылдык спорттун өнүгүүсүнө зор салымын кошкон “Жайлобаев Зарлык агай атындагы кичи футбол аянтчасынын” ачылыш аземине карата атайын футбол турнири да өткөрүлүп, жеңүүчү командалар атайын кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Ак элечекчен апалар, ак калпакчан аталар, жашоонун түркүн түйшүгүнөн бейкапар ойноп күлгөн татынакай наристелер, келечегинен көптү үмүттөндүргөн улан-кыздар бул майрамдын көркүнө көрк кошуп, шаңга бөлөштү.