Баткен облусунун прокуратурасы Баткен шаардык мэриясынын
кызматы адамдары стадионду оңдоо иштери үчүн жасалма тендер өткөргөнүн тактады. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкери тендер өткөрбөй туруп ИП “С” жана ЖЧК “ЖП” уюмдарын шаардагы стадиондун курулуш ишине тарткан.

Иштер аяктагандан кийин жасалма тендер өткөрүшүп, асфальт төшөө иштерин 8 млн 494 миң 670 сомго «С» аттуу жеке ишкер, калган оңдоо иштерин 6 млн 481миң 394 сомго «ЖП» ишканасы утуп алган.

Текшерүү учурунда «С» аттуу жеке ишкердин асфальтто-бетондоо иштери үчүн
атайын лицензиясы жок экендиги такталды. Мындан тышкары тендердин
шарттары боюнча аванстык төлөм жоктугуна карабай, Баткен районунун
акимчилиги, менен Баткен шаарынын мэриянын жоопкерчиликтүү адамдары
акча толук түрдө которуп беришкен.

Тешкерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси
(кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп,
текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алганын билдирген.