Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ноокен сектору демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жарандардын убактыларын үнөмдөө, аларга сылык мамиле жасоо, документ иштерин мыйзам чегинде тездетип бүтүрүп берүү жагы колго алынган. Имараттын ичинде келген жарандар үчүн күтүү залы да жасалып, жумшак эмеректер коюлган.

Мамлекеттик мекемеге айдоочулук күбөлүк же автоунаанын техникалык паспортторуна байланыштуу келген жарандар бул жайда көптөгөн өзгөрүүлөр боло баштаганын белгилешүүдө. Ошондой эле жарандардын документтери ыкчамдык менен кабыл алынып, тиешелүү кагаздар аз убакыттын ичинде берилип, кезек күтүү дагы жоюлган.

ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ноокен секторун үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып Жумагүл Калыгулова жетектеп келет. Мекеме тарабынан 2022-жылдын 5 айында 2970 мамлекеттик номур берилип, 1591 айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылган. Кочкор-Ата шаарында жайгашкан бул жайга Ноокен районунун, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары көп кайрылышат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы