Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы 4-Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Таанышуу алкагында ал калкка кызмат көрсөтүү сапатын жлогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча акыркы чечимдер менен таанышты.

Мындай чечимдердин бири катары паспортту даядагандыгы үчүн «Элкарт мобайл» жана «РСК 24» мобилдик тиркемеси аркылуу улуттук стандарттагы QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат. Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды төлөөдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландаштырылууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин республиканын бардык аймагында иштеп жаткан калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ишке киргизүүнү тапшырды.

«Ар кандай мамлекеттик кызматтарды калктын мүмкүн болушунча тез жана натыйжалуу алуусуна мүмкүндүк түүүчү акыркы санариптик чечимдер сунуштала турган системаны куруу зарыл», — деди ал.