Президент Садыр Жапаров “Азаттык” радиосуна маек куруп, соңку окуялар боюнча пикирин билдирген.

Журналист Садыр Жапаровго “Мелис Аспеков сот отурумунда сизден убагында миллион доллар алганын, акчаны өз кезегинде сизге Сооронбай Жээнбеков бергенин жарыялады. Чынында эле Сооронбай Жээнбеков сизге ири суммада акча берди беле?” деп суроо салды.

“Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”, — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, жарандык активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылган. Аспеков январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.