Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 1 млн сом опузалап пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасына саламаттык сактоо министринин орун басары У.Бектурганов арыз менен кайрылып саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап андан өзүнүн кызматтык бөлмөсүнө бир нече ирээт чакырып, ээлеген кызматынан кетирүү тууралуу коркутуу менен басым жасап, 1 млн сом пара берүүсүн талап кылгандыгын билдирген.

Ѳз учурунда, У.Бектурганов ээлеген кызматынан кетүүсүнөн жана ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда А.Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-бер. (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалганы кабарланган.