Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Маалым болгондой, мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 76 кг салмакта катышты. Жарым финалда Айпери ышкырык жанганда эле индиялык спортчунун белине өтүп, үч-төрт жолу айлынтып, мөөнөтүнөн мурда (10:0 эсебинде) жеңишти илип кетти.

Финалда кыргыз кызы египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөшүп, атаандашын 17:6 эсебинде утуп чыкты.

Эске салсак, аталган турнирде Акжол Махмудов (82 кг) алтын медаль, Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло байгеге татыган.