Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу милдети Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин тергөө аяктаганча деп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан убактылуу четтетилген. Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле үч орун басары да алмашты.