Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (18 жаштан жогору) баккан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынган:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-июнунан тартып:

1) мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтсүн:
– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
– жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
– жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

2) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү киргизсин;

3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

4) 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.

Булак: http://www.minfin.kg/