Кыргызстандык балбандар Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште жалпы 10 медаль багындырды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты.

Турнирде балбандар төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медаль менен кайтышты:

1. Эрназар Акматалиев (70 кг) – алтын медаль;
2. Акжол Махмудов (82 кг) – алтын медаль;
3. Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) – алтын медаль;
4. Айпери Медет кызы (76 кг) – алтын медаль;
5. Саякбай Усупов (79 кг) – күмүш медаль;
6. Алибек Осмонов (70 кг) – коло медаль;
7. Жоламан Шаршенбеков (63 кг) – коло медаль;
8. Атабек Азисбеков (87 кг) – коло медаль;
9. Ильяс Ренат уулу (77 кг) – коло медаль;
10. Калидин Асыкеев (82 кг) – коло медаль.