Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Маалыматка  ылайык, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

Белгилей кетсек, «Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган.