“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбооруна ачык архитектуралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сынактын байге фонду 3 миллион сомго жакын. Каржылоо демөөрчүлөр тарабынан берилген.

«Бюджеттен эч нерсе коротпойбуз», — дейт Нуртазин Жетыбаев.

Ал белгилегендей, сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, 2-орунга 1 млн, 3-орунга 500 миң сом ыйгарылат.

«Арыздар 5-июлга чейин кабыл алынат, жеңүүчүнү 12-июлда жарыялоону пландап жатабыз», — деп кошумчалады президенттин иштери боюнча директордун орун басары.

Эске салсак, комплекс 1998-жылы Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын балансына өткөн.

2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Манас айылы” министрликтин балансына өтсө, реконструкциялоо жолдорун изилдей турганын убада кылган.

Эске салсак, апрель айында комплекс калыбына келтирилери белгилүү болгон. Андан соң президент Садыр Жапаров реконструкциялоо долбоору менен таанышкан.