Июнь айындагы окуу, мектеп окуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруунун максатка ылайыктуулугун карап чыгууну сунуш кылды.

«Быйылкы окуу жылында мектеп окуучулары жана студенттер 8-июнга чейин окушат. Маалым болгондой, класстарда 40-50 бала окуйт. Жайдын башталышы менен балдар чарчашат, маалыматты кабыл алышпайт. Окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 25-майга чейин кайтарса болобу? Андай болбосо, шарт түзүп, кондиционерлерди орнотуу керек”, — деди эл өкүлү Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу аларга ата-энелерден, билим берүү мекемелеринен да арыздар түшүп жатканын жооп берди. «Министр аппаратка тобокелдиктерди, коркунучтарды жана артыкчылыктарды кароону тапшырды. Чечим тууралуу кабарлайбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

Мындай чечим билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга ылайык оффлайн режимине этап-этабы менен өтүү менен түшүндүрүлдү.

Аткаминерлердин айтымында, бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышынын жылдырылышы да жайкы туристтик сезондун узартылышына шарт түзүп, туризм тармагын калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.