Калың элге кайрымдуулук иштери менен таанымал Каныбек мырзага Президенттин иш башкармалыгын башкаруу вазыйпасы буйруганы айрым адамдардын түн уйкусун бузду.

Ишин ырым катарыбы, же ыгы келгени үчүнбү, айтоор калктын аярлуу катмарына үй куруу менен баштаганы Каныбек мырзанын чыныгы кайрымдуу экенин далилдеп турбайбы…

12 жыл мурун Бакиевдерден калып, таланып-тонолуп, таптакыр кароосуз калган жай майыптар байырлаган бейкапар жерге айланган. Аны ирээтке келтирип, ичи-тышын жакшылайын деген таза ниеттеги адамдар деле чыкпады. Болгону, тез арада талкаланып, калаанын акчалуу аймагында жайгашкан бул имаратты менчикке алууну көздөгөндөр четтен чыккан.

Эми минтип, майыптардын укугу эске алынып, акыры заманбап салынган имаратка ээ болсун деген Садыр Жапаровдун эркин аткарууга билек түрө киришкен Каныбек мырза кара ниеттердин таландысына алынды.

Тилине ээ боло албаган Чынгыз Капаров өңдүү коомдун бузукулары Каныбек мырзаны шылуун атап, кызмат ордун сатып алды катары көрсөтүүнүн куру убарасында. Эх, Чынгыз, кимдерди гана каралабадың? Кыса турган жериңди кысчу мезгил эчак келгегин билбей жүргөнүнө таңмын…

Чын-чынына келгенде, Каныбек Туманбаевге бул кызматтын кереги бар беле? Анысыз деле жеке ишкерлиги менен ишин илгерилеткен ишкер жер кыдырып, жашоонун ыракатын көрүп, жай жашай берсе жарашат эле го. Жок, мыкты уюштуруучу катары Президенттин башкармалыгына барганы көп жакшы иштердин бүтүшүнөн кабар берет.

Майыптыгы бар адамдар бир жылга жетип-жетпей заңгыраган үйлүү болуп калганда, жөнү жок жамандагандар туз жалашаар бекен?..

Жакшы ишти кубаттап, Каныбек мырзанын ишине ийгиликтерди каалайлы!

Т.Бейшенбеков
Булак: Чындык.Медиа