Бүгүн, 7-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 841 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 620 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 330 куб метрге жетүүдө.