«Ала-Тоо» аквапаркында каза болгон баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берди. Бул билдирүүнү ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуя болгон учурда, ал баласынын жанында болгон эмес. Ал эми бала бир айдан соң он жашка чыкмак.

«Бизди аквапаркта куткаруучулар жана эки ата-эне болот деп ишендиришкен. Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти, дароо тез жардам чакырышкан жок, ал 15 мүнөттөн кийин келди. Тез жардам  биз келгенде  баланын жаны үзүлүптүр дешти. Мен азыр баламсыз кантем эми, анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Бир айдан соң 10 жашка чыкмак… Туура маалымат жазгылачы. Каргашалуу окуя учурунда мен уулумдун жанында болгон эмесмин, калпты жазбагыла», — деп айтылат текстте.

Эске салсак, кечээ, 6-июнда «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин 3-классынын окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган.