Ата-мекендик жол куруучу «Технотоп» компаниясы “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында 6-июндан тарта асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдирди.
Билдирүүгө ылайык, аймакка автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу 10-июнга чейин чектөө киргизилген.
Узундугу 12 км түзгөн жолго асфальт төшөөгө 25 ден ашуун кызматкер жана атайын 20 техника тартылган, долбоор эффективдүү жана сапаттуу аткарылышы үчүн эки асфальт-бетон заводу бир сменада жолдорду төшөө үчүн зарыл болгон 1200дөн 1500 миң тоннага чейин материал чыгарууда.
Учурда жолго калыңдыгы 6 см болгон бир катмарлуу асфальт-бетон төшөлүп, жалпы аянты 40 000 кв.м. түзөт.
Белгилей кетсек, «Технотоп» компаниясы 2022-жылдын май айында Ала-Тоо аянтындагы жолду реконструкциялоо иштерин жүргүзгөн. Жалпы аянты 42 179 м2 болгон участокто жамоо иштери жүргүзүлүп, жаракалар толукталып, калыңдыгы 5 см болгон ЩМА технологиясы менен жаңы асфальт төшөлдү.