Курманкул Зулушевди убактылуу башкы прокурор кызматынан четтетүү Конституцияга каршы келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, Башкы прокуратуранын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иштерин козгоосу жана башкы прокурор Зулушев тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши жөнүндөгү кийинки чечим маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда талкууланууда.

«Саламаттык сактоо министрине карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, жалпыга маалымдоо каржаттарындагы маалыматтардан улам коомчулукка жакшы белгилүү болгон саламаттык сактоо министри менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, президент кызматтан тергөө мезгилине кызматтан убактылуу четтеткенине көңүл буруу керек», — деди Султанбаев.

Белгилүү болгондой, кылмыш иштери боюнча тергөө мөөнөтү кылмыш процессуалдык мыйзамдар боюнча эки айды түзөт.

Президенттин басма сөз катчысы кошумчалагандай, муну менен, башкы прокурор кызматынан бошотулбагандыктан, бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу да талап кылынбайт. Демек тергөө мезгилине кызматынан четтетүү КР Конституциясына каршы келбейт.

«Ошону менен бирге, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун нормасына ылайык, мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу чараларга аткаруу жүрүшүндө кызыкчылыктар конфликити пайда боло турган мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарды кызматтык милдеттерин аткаруудан чететтүү да кирет.

Саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелер кызыкчылыктардын кагылышуусу – коомдук-укуктук милдеттер менен жеке кызыкчылыктардын ортосундагы конфликт, мында кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна таасирин тийгизген же таасир этиши мүмкүн болгон, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн, бул учурда — Бейшеналиевдикин.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган мыйзамдын 11-беренесинде кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары үчүн чектөөлөр белгиленет — аларга көзөмөл, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

Демек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевди саламаттык сактоо министринин ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан чететтүү жөнүндө чечими мыйзамдарга толук ылайык келет», — деп баса белгиледи ал.