Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы туннелди тапты.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тоннел тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган.

2022-жылдын 4-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чек-Ара кызматынын башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш

кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарына караштуу турак жайдын чарбалык корпусунун бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ОРМ жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү 270 метр жашыруун жол табылганын билдирген.