«Манас эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы Кыргызстандын ичиндеги каттамдардын графигин жарыялады.

Бишкек — Ош — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы күнүнө эки каттам аткарат;

Бишкек — Ош — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы күнүнө беш ирет учат;

Бишкек — Ош — Бишкек. Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы каттамды жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;

Бишкек — Баткен — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы каттамды жумасына эки жолу, шейшемби жана бейшемби күндөрү аткарат;

Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы каттамды жумасына үч жолу, дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;

Бишкек — Исфана — Бишкек TEZ JET авиакомпаниясы каттамды шаршемби күнү аткарат.