Жай мезгили ээлери узак убакыт боюу жок болгон батирлерден жана айылдагы үйлөрдөн уурулук жасоого ыңгайлуу жана жеңил экенин кылмышкерлер так билишет.

Ушундан улам, ИИМ сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыкты: батир уурулардан кантип сактанса болот?

— үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз. Дагы бир жолу текшерип алып, коопсуздукта болгонуңуз оң.

— үйдү узак убакытка кароосуз калтырбаңыз. Эгер сиз узак убакытка кетип жатсаңыз, сигнализацияны күйгүзүп же мүлктү камсыздандырган жакшы.

— видеокөзөмөл орнотуңуз;

— муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт, аппараттын болушу кол салуучуну коркутат;

— эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;

— балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз, көбүнчө батир уурулары сантехник, электрик, газ чыгаруучу катары келип, үйдүн шарттарын, чоңдордун бар же жоктугун изилдеп, жабырлануучунун үйүн карап чыгышат;

— сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз – документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз, оңдоо же башка жумуштарды жүргүзүү фактысын тактаңыз.

Эгерде Сиз батир ууруларынын курмандыгы болсоңуз:

— сабырдуу болуңуз, дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;

— үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;

— эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;

— кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо процессин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.

Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болгонуңуз.

ИИМдин Басма сөз кызматы