Бишкекте Кыргызстандагы креативдүү экономиканы баалоо методологиясынын бет ачары өттү.

Кыргызпатенттен билдиришкендей, методология креативдүү экономиканы баалоо үчүн эффективдүү инструменттерди сунуштайт. Креативдүү экономика секторун өнүктүрүү дүйнөлүк экономикалык тутумунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, методология креативдүү экономиканын катышуучуларын аныктоодо чоң мааниге ээ экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан чыгармачыл тармакты колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Методология төрт багытта негизделет:

  • автордук укук менен корголгон негизги чыгармачыл тармактар (контент түзүү);
  • өз ара көз каранды чыгармачыл тармактар (контент бөлүштүрүү);
  • жарым-жартылай жана чыгармачыл тармактар;
  • спецификалык эмес жалпы соода, транспорт жана байланыш тармактар.

Сунушталган методологиянын негизги милдеттери болуп чыгармачыл экономиканын тармактарын аныктоо тутумун калыптандыруу, субъекттерди аныктоого болгон мамиле, реестрди түзүү, статистикалык изилдөөлөрдүн маалымат булактарын жана инструменттерин аныктоо болуп саналат.

Маалымат катары: Методология АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен иштелип чыккан. USAIDдин креативдүү экономиканы баалоо методологиясын иштеп чыгуудагы колдоосу адамдын интеллектуалдык потенциалын чыңдоого чоң кадам жасайт, бул өз кезегинде Кыргызстанда иш менен камсыз кылууну жогорулатат.